• Башкы бет
  • Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди
13:29, 2022-ж., 22-март

Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди

Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди

Кечээ, 21-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында улуттук майрам – Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. 

Майрамга келгендерди КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары Сүйүн Өмүрзаков, Фархат Исмаилов куттуктады. Майрамдык салтанатка калаа тургундары жана коноктору, аксакалдар, жаштар катышты. 

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Нооруз – достуктун, тынчтыктын, ынтымактын жана бакубаттуулуктун майрамы экенин айтып, илгертен жаңылануунун майрамы катары эсептелип келгенин белгиледи. 

Эдил Байсалов жалпы жарандарды майрамы менен куттуктап, токчулук, молчулук каалады. 

Иш-чаралар сүмөлөк даярдалган “Мээрим” сейил багында башталды. Андан соң көргөзмө-жарманке ачылып, анда улуттук тамак-аштын түрлөрү коюлуп, ишкерлер, сүрөтчүлөр жана кол өнөрчүлөр өз буюмдарын тартуулашты. 

Борбордук аянтта элдик бий жана ыр топторунун, шаардык театрлардын, облустук филармониянын артисттеринин катышуусунда театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, КР эстрада жылдыздары тарабынан чоң концерттик программа тартууланды. 

Ошондой эле шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...