• Башкы бет
  • Жалал-Абадда 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
13:13, 2022-ж., 22-март

Жалал-Абадда 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абадда 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21-март күнү саат 22:20да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жер титирөө Чаткал районунун Каныш-Кыя, Айгыр-Жал, Коргон-Сай айылдарында 4 баллга чейин жеткен. Ак-Таш, Курулуш, Жаңы-Базар, Башкы-Терек айылдарында 3,5 балл, Беш-Арал, Чакмак-Суу, Терек-Сай айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...