• Башкы бет
  • Соңку бир суткада коронавирус 8 адамдан аныкталды
13:09, 2022-ж., 22-март

Соңку бир суткада коронавирус 8 адамдан аныкталды

Соңку бир суткада коронавирус 8 адамдан аныкталды

Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү, 22-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан бир адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын расмий саны 2981 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы сегиз адам катталды. Алардын бешөө Бишкек шаарында. Эки учур Ошто, бирөө Чүй облусунда катталган.

Акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө 89 бейтап ооруканада, 78и үйлөрүндө дарыланууда.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 826 адам болду.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган. Биринчи толкун ошол жылдын июль айына туш келип, күнүнө 2,5 миңдей бейтап катталып жаткан. Оорунун төртүнчү толкуну быйыл январда болуп өттү.

12-марттан тартып коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде эми коюлбайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...