Ош шаарына 50 тонна кумшекер, 40 тонна өсүмдүк май алынып келинди

Кечээ, 18-мартта Ош шаарына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан кумшекер жана күн карама майы келип түштү.
Жүктөрдү Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев тосуп алып, өлкө жетекчилиги муктаж категориядагы жарандарды колдоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.
Жалпысынан 50 тонна кумшекер, 40 тонна күн карама майы алынган.
Бул продукциялар "Акниет" соода түйүндөрү аркылуу белгиленген баада: кумшекер килограммы 70 сомдон, күн карама майынын литри 130 сомдон сатылат.
Сатылуучу даректер:
Кулатов кичи району 16б
Анар кичи району, Абдыкадыров көчөсү 205а
Курманжан Датка көчөсү 226 (болжол: шаардык оорукана)
Абакир уулу Төрөбек көчөсү 40в (Юго-Восток)
И.Раззаков көчөсү 56 (Ош району)
У.Салиева көчөсү 40а (ХБК)
Комментарийлер