Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адилет Кубанычбеков үй камагына чыкты

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адилет Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тергөөнүн жүрүшүндө Адилет Кубанычбеков мамлекетке келтирген 51 миллион 220 миң сом зыянды кайтарып берген. Ошондой эле кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алган.
«Буга байланыштуу Адилет Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, УКМК Адилет Кубанычбековду коррупцияга айыптап, 17-январда кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы да аныкталганы айтылган.
Комментарийлер