• Башкы бет
  • Орус-кыргыз алакасына 30 жыл. Путин Жапаровду куттуктады
14:53, -ж., 19-март

Орус-кыргыз алакасына 30 жыл. Путин Жапаровду куттуктады

Орус-кыргыз алакасына 30 жыл. Путин Жапаровду куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо катын жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Бул убакыт аралыгында орус-кыргыз мамилелери стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлине жетти. Ар түрдүү чөйрөлөрдө мазмундуу саясий диалог жана ар кандай тармактарда жемиштүү кызматташтык өнүгүп жатат. Москва менен Бишкек ЕврАзЭСтин, ЖККУнун, КМШнын, ШКУнун жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенүүдө. Биздин дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн, аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында эки тараптуу мамилелердин бүткүл комплексин биргелешкен күч-аракеттер менен мындан ары өнүктүрүүнү камсыздайбыз деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо текстинде.

Ошондой эле Владимир Путин, Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга — тынчтык жана бакубатчылык каалаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...