• Башкы бет
  • Коронавирус 15 адамдан табылды. Илдеттен чүйлүк жаран көз жумду
14:49, 2022-ж., 19-март

Коронавирус 15 адамдан табылды. Илдеттен чүйлүк жаран көз жумду

Коронавирус 15 адамдан табылды. Илдеттен чүйлүк жаран көз жумду

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымдашынча, 19-мартка карата Кыргызстанда 15 адам коронавируска чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталды. Чүй облусунда бир адам оорудан улам көз жумду.

Оору жуктуруп катталгандардын ичинен тогуз адам Бишкекте, Чүйдө төрт, Таласта бир, Ысык-Көл облусунда бир адам.

Калган облустарда жана Ош шаарында коронавирус жуктургандар катталган жок.

Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан бери расмий эсепте COVID-19 жуккандардын саны 200 802 адамга жетти, 2978 адам каза болуп, 196 миңден көбү сакайды.

Ушул күндөрү 99 бейтап ооруканада, 95 адам үйүндө дарыланууда.

Бир сутка ичинде коронавирус жуккан медициналык кызматкерлер болгон жок. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медкызматкерлер арасында 7747 учур катталды. Алардын ичинен 7579 дарыгер айыгып чыккан.

12-марттан тартып Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде эми коюлбайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...