• Башкы бет
  • Коронавирустун Кыргызстанда катталганына 2 жыл болду
16:26, 2022-ж., 18-март

Коронавирустун Кыргызстанда катталганына 2 жыл болду

Коронавирустун Кыргызстанда катталганына 2 жыл болду

Кыргызстанда коронавирус эң алгач 2020-жылдын 18-марты күнү катталган. Анда Сауд Арабиясында умра сапарынан кайтып келген Жалал-Абаддын Сузак районун 70, 62, 43 жаштардагы үч кишиден аныкталган. Бул тууралуу ошондогу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 18-мартта эртең менен өкмөттөгү чукул басма сөз жыйынында расмий билдирген.

Вирус жугузган адамдар ошол жылы 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга учуп келишкенде, алардан анализдер алынып, өздөрү үйлөрүндө медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын биринин дене табы көтөрүлгөн. Алынган анализдеринин жыйынтыгы менен үч кишиден коронавирус аныкталган. Ошентип Сузак району толук карантинге жабылган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, эки жыл ичинде 200 787 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен, 196 016 адам айыгып чыкса, 2977си каза болду.

Бул аралыкта 4 толкун өттү. Биринчи толкун 2020-жылдын июнь – август айларында катталса, экинчи толкун 2020-жылдын октябрь – декабрь айларында өттү. Ал эми үчүнчүсү 2021-жылдын июнь – июль, төртүнчүсү 2022-жыл январь – февраль айлары болду.

Эки жылда КР Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус инфекциясын дарылоо боюнча алты протокол алмаштырды. Ал эми 2021-жылдын мартында эмдөө боюнча масштабдуу кампания башталган.

Бүгүн, 18-марттагы маалымат боюнча соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус 11 адамдан аныкталып, бир киши каза тапты. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюна штабдан билдиришти. Алардын эң көбү Бишкекте – алты киши. Чүй облусунда төрт, Ош облусунда бир бейтап. Калган аймактарда жаңы учурлар катталган жок.

Ушул күндөрү 112 бейтап ооруканада, 97 адам үйүндө дарыланууда.

Бир сутка ичинде коронавирус жуккан медициналык кызматкерлер болгон жок. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медкызматкерлер арасында 7747 учур катталып, алардын 7579 дарыгер айыгып чыккан. Эки жыл ичинде Кыргызстандын 100дөн ашуун медицина кызматкерлери каза табышты.

12-марттан тартып Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде эми коюлбайт.

Ал эми дүйнө мамлекеттериндеги бүгүнкү күнгө карата коронавирустун көрсөткүчү төмөндөгүдөй:

Жалпы каза болгондор — 6 064 926;

Жалпы катталган учурлар — 465 700 653;

Эмделгендер — 10 755 408 149.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...