• Башкы бет
  • Ош шаарында Жарандык коргонуунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдыгы текшерилди
13:44, -ж., 17-март

Ош шаарында Жарандык коргонуунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдыгы текшерилди

Ош шаарында Жарандык коргонуунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдыгы текшерилди

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык 16-17-март күндөрү калаада "Шаардын жарандык коргонуу күчтөрүнүн жана каражаттарынын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы" темасында машыгуулар өтүүдө. Мурунку машыгуулардан айырмаланып, кезектегиси практикалык иш менен жүзөгө ашырылып жатат. Тагыраагы Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Кайырма дренаждык каналын тазалоо иштери жүрдү.

Бул машыгуулардын максаты өзгөчө кырдаалдар учурунда Ош шаарынын коргонуу күчтөрүнүн жана каражаттарынын реалдуу даярдыгын текшерүү болуп саналат.

Шаардагы машыгуулар Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Жарандык коргонуусунун иш-чараларынын алкагында өткөрүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...