Атайын тема
Данный раздел содержит официальные сообщения и новости от пресс-службы мэрии города Ош. Узнайте первыми из официального источника, оставьте свои отзывы под новостью!
Кечээ, 16-март күнү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, вице-мэр Жасур Азимов жетектеген комиссия Эдельвейс жана Солнечный (Озгур) айылдарынын аймагында жашаган жарандардын көйгөйлөрү менен жеринде таанышты. Тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жол куруу, коммуналдык көйгөйлөрдү чечүү, коомдук транспорт менен камсыздоо маселелерин ишке ашыруу боюнча иштерди күчөтүү багытында протоколдук тапшырмалар берилди.
Комментарийлер