• Башкы бет
  • Билим берүү жана илим министринин эки орун басары дайындалды
13:38, 2022-ж., 17-март

Билим берүү жана илим министринин эки орун басары дайындалды

Билим берүү жана илим министринин эки орун басары дайындалды

16-мартта Билим берүү жана илим министринин эки жаңы орун басары дайындалды. Бул тууралуу министрдин жардамчысы Ильгиз Султанов «Фейсбук» баракчасына жазды.  

Билим берүү жана илим министринин кесиптик жана жогорку билим берүү боюнча орун басары Расул Абазбек уулу, илим тармагындагы орун басары Улан Мамбетакунов болду.

Буга чейинки орун басарлар Айгүл Абдраева жана Гульнур Жайнаковалар кызматын тапшырышкан.

Расул Абазбек уулу 2019-2020-жылдары Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп иштеген. Ага чейин эмгек жолунда жогорку окуу жайларда улук окутуучу, доцент, ректордун жардамчысы, проректор кызматтарында болгон.

Ал эми, Мамбетакунов мектептерде сабак берип, андан кийин бир катар ЖОЖдордо, анын ичинде Казакстандын биринде чакырылган профессор болуп иштеген. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...