• Башкы бет
  • 13 адамдан коронавирус илдети аныкталды
13:36, 2022-ж., 17-март

13 адамдан коронавирус илдети аныкталды

13 адамдан коронавирус илдети аныкталды

Бүгүн, 17-мартка карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинин жаңы 13 учуру катталды. Мурда жуктургандардын 39у айыгып, бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Илдет жуктургандардын 10у Бишкек шаарынан, экөө Чүйдөн, бирөө Ош облусунан. 

Ушуну менен пандемия башталгандан бери жалпы жуктургандардын саны 200 776га жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 195 985.  Казаболгондор 2976.      

Учурда ооруканаларда 109, үй шартында  122 адам дарыланып жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...