• Башкы бет
  • Ошто ысырапкорчулукка бөгөт коюу үчүн түшүндүрүү иштери улантылууда
13:48, 2022-ж., 16-март

Ошто ысырапкорчулукка бөгөт коюу үчүн түшүндүрүү иштери улантылууда

Ошто ысырапкорчулукка бөгөт коюу үчүн түшүндүрүү иштери улантылууда

Кечээ, 15-мартта Ош шаарынын Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгында тургундар менен жолугушуу болуп, анда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “КРда үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, казыяттын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, "Сулайман-Тоо" МАБтын кызматкерлери, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Жыйында өлкө башчынын Жарлыгын аткарууга алууга жарандар кызыктар болушу керектиги белгиленип, колдоого алынды. Жашоочулар ашыкча чыгымга каршы экендиктерин билдиришти.

Жыйынга 200гө жакын адам катышты. Алдыда мындай иш-чаралар Ош шаарындагы калган муниципалдык аймактык башкармалыктарда да өткөрүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...