Ош шаарында коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башчысы кармалды

Ошто жарандарга үй алып берүүнү убадалаган «S-LINE» коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандар аталган кооператив тарабынан убадаланган үйлөрүн ала албай укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан.
«Тергөө кызматы тарабынан Ош шаарынын аймагынан жарандарга үй алып берүүнү убадалап, бирок, аны аткарбастан, алдап жүргөнгө шектүү катары “S-LINE» коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси А. Б. кармалды. Ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул кооператив алдамчылык менен алектенген «Финансылык пирамида» катары иш жүргүзгөнгө шектелип жатат», — деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган кооперативдин үстүнөн 24 жабыркаган жарандын арызы бар. Алар аталаган кооперативге кирүү үчүн адегенде 218 миӊ сом акча төлөп, андан соӊ ай сайын ала турган үйүнүн кооператив тарабынан белгиленген сумманы (процентти) төгүп турушкан. Жабырлануучуларга келтирилген сумма бүгүнкү күндө бир нече миллион сомдон ашкан.
Алгачкы тергөө иштери көрсөткөндөй, үй алууга муктаж катары келген жана акча төккөн айрым гана жарандарга үй алып беришип, калган көпчүлүк акчасын төккөн жарандарга үй тийген эмес.
«“S-LINE” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча алганда, азыркы күндө алардын жарандарга койгон шарттары боюнча “турак жай алуучулар алына турган үй үчүн жалпы баасынан 50% төлөгөн учурда 2 ай ичинде, 25% төлөгөн учурда 4 ай ичинде калган суммасын турак жай кооперативи тарабынан төлөнүп, 3 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө насыя берилип, турак жайлуу болуша турганын убадалашкан. Бирок, аталган сумманы төккөн жарандардын ала турган үйлөрү кечеӊдеп бир нече айларга созулуп бара жаткандыгына байланыштуу жарандар арыз менен кайрылышкан»
Аталган окуя боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, 210-беренес менен (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Комментарийлер