13:38, 2022-ж., 16-март

Коронавирустан 30 бейтап айыкты

Коронавирустан 30 бейтап айыкты

Саламаттыкты сактоо министрлигинин бүгүн, 16-мартка карата маалыматы боюнча өлкөдө коронавирус 5 кишиден табылды. Ошол эле учурда 30 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, бир бейтап көз жумган.

Жаңы учурлардын үчөө Бишкек шаарынан, экөө Чүй менен Ош облустарынан аныкталган.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери жалпы илдет жуктургандардын саны 200 763ге жеткен. Анын ичинен айыгып чыккандар 195 946. Курмандыктар 2975.

Учурда ооруканаларда 121, үй шартында 140 бейтап дарыланып жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...