• Башкы бет
  • Соода-өнөр жай палатасынын вице-президентти Башкы прокуратура тарабынан кармалды
13:34, -ж., 16-март

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президентти Башкы прокуратура тарабынан кармалды

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президентти Башкы прокуратура тарабынан кармалды

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Ш.К.А.кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ш.К.А алдамчылык аракеттери боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал эми Д.Н.Э. аттуу жаранга карата эл аралык издөө жарыяланган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 2009-жылы Д.Н.Э. жана Ш.К.А. мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, жалпысынан 117 млн ​​сомго ири өлчөмдөгү ун сатып алышкандыгы аныкталган.

«Бирок, бул адамдар келишим түзүлгөн күндөн тартып өз милдеттерин аткаруудан качуу максатын көздөп, 12 жыл ичинде сот органдарына негизсиз арыздар менен кайрылып келишкен. Жыйынтыгында, мамлекетке жалпысынан 117 миллион сом зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, алар С.А. аттуу жарандын ишенимине кирип, ага күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү 15 млн 705 миң сомго сатып, аталган жаранга ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкени белгиленген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...