• Башкы бет
  • Сириядагы террористтик уюмдардын катарына кошулуу үчүн бараткан жарандар кармалды
11:09, -ж., 15-март

Сириядагы террористтик уюмдардын катарына кошулуу үчүн бараткан жарандар кармалды

Сириядагы террористтик уюмдардын катарына кошулуу үчүн бараткан жарандар кармалды

13-март күнү УКМК  Кыргызстанга мыйзамсыз кирүү жана легалдаштыруу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын корголуучу мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен, Жалал-Абад шаарынын аймагынан Борбор Азия мамлекеттеринин биринин эки жараны кармалды. Маалым болгондой, кармалгандар мурда терроризм боюнча соттолгон жергиликтүү тургун менен жашынып жүргөн.

Маалыматка ылайык, кармалгандар Кыргыз Республикасына келгенден кийин Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга эл аралык террористтик уюмдардын катарына кошулуу максатында өздөрүнө Кыргызстандын паспортторун жасоого аракет кылышкан.

Азыркы учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат, кармалгандар Жалал-Абад шаарындагы тергөө камак жайына киргизилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...