• Башкы бет
  • Билим берүү министри министри мугалимдердин иш кагаздарын кыскартты
11:07, -ж., 15-март

Билим берүү министри министри мугалимдердин иш кагаздарын кыскартты

Билим берүү министри министри мугалимдердин иш кагаздарын кыскартты

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүлүүгө (толтурулууга) милдеттүү болгон документтердин тизмесин бекитүү жөнүндө» Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 28-декабрындагы №1097/1 буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» буйрукка кол койду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул буйрукка ылайык, эми предметтик мугалимдер класстык журналды жүргүзүп, календардык-тематикалык планды жана сабактын план-конспектин гана түзүшөт, ал эми класс жетекчилер класстык журналды жүргүзүп, окуучулардын өздүк делосун жана класстын социалдык паспортун гана толтурушат.

Класстык журнал электрондук вариантта толтурулган учурда аны чейректин аягында кагазга чыгарып, окуу бөлүмүндө сактоо зарыл.

Календардык-тематикалык план окуу жылынын башында жаңыланат, аны мектептин жетекчиси бекитет.

Мектептеги үзгүлтүксүз эмгек стажы 5 жылга жете элек предметтик мугалим сабактын толук план-конспектин жазат. Аны кол менен жазса да болот, компьютерде терсе да болот. Ал эми мектепте 5 жылдан ашык иштеген мугалим план-конспект жазбастан, сабакты чыгармачылык менен өтө алат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...