11:03, 2022-ж., 15-март
"Мегакомдун" мурдагы башчысы 2 айга камакка алынды

“Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангулов №21 тергөө изоляторуна эки айга камалды. Мындай токтомду 14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Маалыматка ылайык, ал Түштүк Кореянын эки жаранынын ортосундагы каржылык маселеге байланыштуу шек саналып жатканы айтылууда.
Жамангуловго ким арыз жазганы жана иштин-чоо жайы тууралуу азырынча кенен маалымат бериле элек. Ал 12-мартта Башкы прокуратурага суракка чакырылып, ошол эле күнү кармалган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акылбек Жамангулов “Мегакомду” 2018-жылдан 2021-жылга чейин башкарган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:22
Кечээ
Атайын тема
Жарыялар
15:17, -ж., 26-май
live comments feed...
Комментарийлер