• Башкы бет
  • "Жашыл бак" улуттук өнөктүгүнүн алкагында Ош шаарында көчөттөр отургузулду
11:30, 2022-ж., 14-март

"Жашыл бак" улуттук өнөктүгүнүн алкагында Ош шаарында көчөттөр отургузулду

"Жашыл бак" улуттук өнөктүгүнүн алкагында Ош шаарында көчөттөр отургузулду

12-мартта Президенттин Садыр Жапаров "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнө старт берди. Анын алкагында Ош шаарында да бүгүнкү бак отургузуу өнөктүгү улантылып, Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакка багрянник көчөттөрү отургузулду. Ага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жалпысынан бүгүн Ош шаарына 500гө жакын көчөт отургузуу пландалууда.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Ала-арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуп "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн баштады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...