• Башкы бет
  • Акыркы суткада 11 адамдан коронавирус илдети табылды
11:25, 2022-ж., 14-март

Акыркы суткада 11 адамдан коронавирус илдети табылды

Акыркы суткада 11 адамдан коронавирус илдети табылды

Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү, 14-марттагы маалыматына караганда, Кыргызстанда акыркы суткада 11 адамдан COVID-19 илдети табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (6 адам). Бир суткада 23 адам сакайып чыкты. Инфекциядан каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күндө 133 бейтап ооруканада, 184 адам үйдө дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 742 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 873 киши айыгып чыкса, 2 миң 973 адам каза болду.

12-марттан тартып коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде эми коюлбайт.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата бул оору 200 миңден ашуун кыргызстандыкка жукту, алардын 3 миңге чукулу каза болду. Толук эмдөөдөн калктын 18% өттү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...