11:09, 2022-ж., 14-март
АКШ Украинага 200 миллион долларлык жардам берет

АКШнын президенти Жо Байден Украинага курал-жарак жана аскерлерди даярдоого көмөк көрсөтүү үчүн 200 миллион долларлык жардам берүүнү буюрду.
Ишемби күнү жарыяланган бул чечимден кийин акыркы бир жылдын ичинде Украинанын коопсуздук тармагына берген АКШнын колдоосу 1,2 миллиард долларга жетти.
Буга чейин АКШ Конгресси Украинага 13,6 миллиард долларлык чукул жардам берүүнү колдогон. Анда аскердик техникалар менен жабдууларды жеткирүү акысын төлөөгө 3,5 миллиард доллар жана Орусиянын Украинага каршы агрессиясына байланыштуу Чыгыш Европага көчүрүлө турган АКШ аскерлерин жайгаштырууга 3 миллиард доллар бөлүү каралган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:07
Кечээ
Атайын тема
Жарыялар
15:17, -ж., 26-май
live comments feed...
Комментарийлер