• Башкы бет
  • Кыргызстанда антикризисттик комитет түзүлдү
11:06, -ж., 14-март

Кыргызстанда антикризисттик комитет түзүлдү

Кыргызстанда антикризисттик комитет түзүлдү

Кыргызстанда Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитет түзүлдү, деп жазат "Т-Медиа".

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 12-мартта тараткан маалыматка ылайык, аталган чечим президенттин «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Комитеттин жетекчиси министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров болмокчу. Курамына тиешелүү органдардын бир катар жетекчилери кирди.

«Комитеттин негизги милдети – өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген учурдагы окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн антикризистик башкармалыкты ишке киргизүү. Мекеменин жетекчиси болуп министрлер кабинетинин төрагасы саналат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Улуттук банк коммерциялык банктарга, акча алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алган. Документ 2022-жылдын 11-мартында саат 17:30дан тарта күчүнө кирди.

Буга чейин экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Орусияга карата киргизилген санкциялардын кыйыр таасири Кыргызстанга да тийип жатканын, каатчылыкка каршы атайын план иштелип чыгып, валюта рыногун жөнгө салуу жана баалардын өсүшүн көзөмөлдөө чаралары каралып жатканын айткан. Амангелдиевдин билдиришинче, кырдаалды жөнгө салуу үчүн 5,5 миллиард сом бөлүү каралууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...