Баткенде маркумду узатуудагы ысырапкорчулуктар боюнча элге түшүндүрүү иштери жүрдү

Баткенде маркумду узатууда мал сойбоо талабы коюлуп, тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
10-мартта Баткен шаарында ашыкча ысырапкерчилике багытталган жыйында өттү. Анда облус башчысы Абдикарим Алимбаев тиешелүү кызматкерлерди элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакындары же туугандары каза болгон үйдү катуу көзөмөлгө алууга тапшырма берди. Мындай чаралар өлкө башчынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарында ысырапкорчулукту токтотуу тууралуу жарлыгын ишке ашыруу үчүн болуп жатат.
«Өлкө башчы чыгарган жарлыкты иш жүзүнө ашырууга ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек, кимибиз болбойлу — баарыбызга эреже бирдей болуп, жалпы эрежеге баш ийүүгө чакырам»— деген Алимбаев.
Жыйында шаар, район жана айылдарда жума намаздарда айыл өкмөт, айыл башчылары, дин өкүлдөрү менен ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча толук маалымат жеткирүү жана маркумду узатууда эч кандай мал сойбоо талабы коюлду. Облустагы өкүлчүлүк тапшырмалар аткарылбаса тиешелүү жетекчилер мыйзам чегинде жооп берерин эскертти.
Президент Садыр Жапаров 24-февралда «Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Документте маркумду акыркы сапарга узатууда катышуучулардын саны чектөөсүз болору, бодо мал союлбай турганы айтылат. Мындан тышкары маркумдун элесине арналган иш-чаралар 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлөт. Бул талаптарды бузгандар болсо жоопко тартылат, ал эми кызмат адамы болсо иштен алынат.
Комментарийлер