• Башкы бет
  • Коронавирустан көз жумгандардын саны 2 миң 970 адамга жетти
11:36, 2022-ж., 11-март

Коронавирустан көз жумгандардын саны 2 миң 970 адамга жетти

Коронавирустан көз жумгандардын саны 2 миң 970 адамга жетти

Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү, 20-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан бир адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2970 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 20 адам катталды. Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 9, Ош жана Ысык-Көл облустарында бирден учур катталган. Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 миң 707ге жетти. Алардын ичинен 195 миң 786 киши айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда коронавирус жугузуп алган 161 бейтап жатат, үйдө дарылангандар 210 адам.

Кыргызстанда COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганы 12-январда расмий айтылган. 19-январда катталгандар 870ке жеткен. Андан бери көрсөткүч төмөндөөдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...