• Башкы бет
  • Британия орусиялык олигархтарга санкция салды
11:34, 2022-ж., 11-март

Британия орусиялык олигархтарга санкция салды

Британия орусиялык олигархтарга  санкция салды

Британия “Челси” футбол клубунун ээси Роман Абрамовичке, олигарх Олег Дерипаска жана орусиялык бир катар белгилүү бизнесмендер менен мамлекеттик компаниялардын жетекчилерине санкция салды, деп жазат "Азаттык".

"Кара тизме" британ өкмөтүнүн сайтына чыкканын “Свобода” радиосу маалымдады. Санкцияларга илингендердин арасында "Роснефть", "Газпром", "Транснефть» ишканаларынын, эки банктын башчылары бар. Ошол 7 кишинин жалпы байлыгы 20 миллиард долларга жетерин Reuters агенттиги билдирди.

Санкцияларга кабылгандар Британиянын аймагына кире алышпайт, активдеринен пайдаланууга болбойт.

Би-Би-Синин журналисти Саймон Стоун "Челси" клубунун дүкөндөрү жабылып, оюндарына билеттер сатылбай калганын "Твиттерге" жазды. Оюнчулар менен келишимдерди узартууга, жаңы футболчуларды тартууга же башка клубдарга жиберүүгө тыюу салынды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...