• Башкы бет
  • Зеленский Орусиянын кол салуусунан улам Украина 100 млрд доллар чыгымга учураганын билдирди
11:26, -ж., 11-март

Зеленский Орусиянын кол салуусунан улам Украина 100 млрд доллар чыгымга учураганын билдирди

Зеленский  Орусиянын кол салуусунан улам Украина 100 млрд доллар чыгымга учураганын билдирди

Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин экономика боюнча кеңешчиси Олег Устенко Орусиянын 15 күндөн берки чабуулу инфраструктурага, имараттарга, башка мүлктөргө 100 миллиард доллар чыгым алып келгенин билдирди, деп жазат "Азаттык".

Бейшембиде эл аралык онлайн конференцияга катышкан Устенко өлкөдөгү бизнестин жарымы согуштан улам жабылганын, калгандары толук кандуу иштебегенин айтып, Орусияга көбүрөөк финансылык санкция салууга, мунай менен газга толук эмбарго киргизүүгө чакырды.

Орус куралдуу күчтөрү 24-февралда баштаган урушта украин армиясынын катуу туруштугуна туш болгондо Москва тактикасын өзгөртүп, шаарларды, анын ичинде калк жашаган райондорду абадан бомбалап, артиллериядан аткылап жатат.

Олег Устенко салгылашуулардын масштабын эске алганда, Украинанын финансылык системасы салыштырмалуу “жакшы” экенин, орус аскерлери көзөмөлдөбөгөн аймактарда банкоматтар иштеп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, улуттук валютанын резерви 2,5 миллиард долларга гана азайды, бирок өлкө экономикалык жана аскердик чоң жардамга муктаж.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...