• Башкы бет
  • Зиядин Жамалдинов: Илимпоздорго колдоо көрсөтүшүбүз керек
14:45, -ж., 10-март

Зиядин Жамалдинов: Илимпоздорго колдоо көрсөтүшүбүз керек

Зиядин Жамалдинов: Илимпоздорго колдоо көрсөтүшүбүз керек

Кечээ, 9-март күнү  Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов КРнын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Ош облусунун башчысы аталган мекеменин илимпоздору тарабынан аткарылып жаткан жумуштар жана ачылыштар облустун айыл чарба жана өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө салым кошот деп билдирди.

“Биздин илимпоздор тарабынан жасалып жаткан иштерди колдоого алабыз. Сиздер ачылыш кылган көмүр брекет, органикалык жер семирткичтерди инвестор жана дыйкандарга сунуштайбыз. Келечекте химикатсыз, органикалык жер семирткичтерге өтүшүбүз керек. Андан сырткары айылдарды таза суу менен камсыз кылууда хлор кошпой сиздер ойлоп тапкан ыкманы колдонолу. Биз Улуттук илимдер академиясынын сунуштарын жана илимпоздорго ар дайым колдоо көрсөтөбүз”,-деди Зиядин Жамалдинов.

Мындан сырткары, Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту менен мындан ары да кызматташуу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча сүйлөшүштү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...