• Башкы бет
  • Ош шаарында той-аштардагы чыгымдар боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө
14:42, 2022-ж., 10-март

Ош шаарында той-аштардагы чыгымдар боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ош шаарында той-аштардагы чыгымдар боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Кечээ, 9-мартта “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында Президент Садыр Жапаровдун "КРда үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла Сарыбаев, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Ош шаардык бөлүмүнүн төрагасы, мэриянын, "Керме-Тоо" МАБтын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка тийиштүү тармактардын адистери катышып, 200дөн ашык тургундар менен жолугушуу болду.

Жыйындын жүрүшүндө пикир алмашуу болуп, тургундар мааракелик иш-чараларга жана тойлорго кеткен чыгымдарды чектөө демилгесин колдоп, бул зарыл жана өз убагында жасалган чара экенин белгилешти.

Мындай иш-чаралар шаардын бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарында өткөрүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...