Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Бүгүн, 10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, болжол менен саат 10:50дө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги чек аранын тактала элек тилкесинде кызматын өтөп жатып буга чейинки багытын өзгөртүшкөн жана кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылышкан.
Тажик чек арачыларына кошумча күчтөр келген. Кошумча күчтөр менен тажик чек арачылары жаңы чекке чыгууну көздөшкөн. Бирок кыргыз чек арачылар Тажикстандын аскерлеринин максатын ишке ашырууга жол берген эмес. Натыйжада ок атышуу болгон, ал 10 мүнөттөй созулган. Кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок.
Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү дароо телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, аскерлерди окуя болгон жерден алууну жана кошумча күч-каражат тартпоону макулдашышты. Чек ара кызматы сүйлөшүү уланып жатканын кошумчалады.
Кыргыз тарап Тескей деген жер чек аранын тактала элек тилкесине кирерин, бирок ал жакты кыргыз жарандары пайдаланып келерин билдирди.
Комментарийлер