• Башкы бет
  • ТИМ уюштурган учак Польшадан Бишкекке учуп келет
14:31, -ж., 10-март

ТИМ уюштурган учак Польшадан Бишкекке учуп келет

ТИМ уюштурган учак Польшадан Бишкекке учуп келет

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги уюштурган акысыз учак 16-мартта Польшадан Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу Украинадагы Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов билдирди, деп жазат "Азаттык".

Кадыркулов мындан улам Украинанын аймагындагы кыргызстандыктарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүгө чакырды.

"16- мартта Польшадан Тышкы иштер министрлиги уюштурган акыркы бекер учак учат, ошондуктан бардыгыңыздарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүнү сунуштоо менен бирге, Украинанын аймагынан чыгып кетүү керек экендигин баса белгилейбиз", - деп айтылат билдирүүдө.

Элчи кыргызстандыктар Львов шаарына бекер эвакуациялык поезд, же такси жана автобустар менен келсе болорун билдирди.

Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери бул өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгондор 2 миллиондон ашты. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Элчилик ошол жактагы кыргыз жарандары менен байланыш түзүп, эвакуация иштерин жүргүзүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...