• Башкы бет
  • Бишкектеги жеке адамдын мамлекеттик имаратка жайгашкан медициналык мекемесин чыгаруу иштери жүрүүдө
14:27, -ж., 10-март

Бишкектеги жеке адамдын мамлекеттик имаратка жайгашкан медициналык мекемесин чыгаруу иштери жүрүүдө

Бишкектеги жеке адамдын мамлекеттик имаратка жайгашкан медициналык мекемесин чыгаруу иштери жүрүүдө

№6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борборун имараттан чыгаруу иши жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге шилтеме берүү менен жазды.

Анын айтымында Алмаз Исманкулов имаратты бошотом деген убадасына турган эмес.

"20 күн мурда барып Исманкуловго "20 күндө бошотуп кой" десем макул деген. Бүгүн келсем качып атпайбы, телефон чалсам албайт. Анан башкы дарыгерине чал деп сүйлөштүм. Эмне эле алдап, качып жүрөсүң, үч сааттын ичинде чыгып кет дедим. Өзүмдүн жансакчыларыма тостуруп койдум. Эч кимди киргизбейт".

Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин айтуусунда Алмаз Исманкулов өткөн жылы Бишкек мэриясы аркылуу имаратты ижарага алуу мөөнөтүн узартып алган. Бирок министрлик ал келишимди сот аркылуу жокко чыгарган.

Азырынча дарыгер Алмаз Исманкуловдун ооруканасынын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борбору мамлекеттик имараттан чыгарыларын өткөн айда билдирген.

Буга чейин Бишкектеги №2 Клиникалык төрөт үйүнүн короосундагы КАМЭК жеке клиникасы жайгашкан имарат мамлекетке кайтарылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...