13:46, 2022-ж., 9-март
Акыркы суткада 13 адамдан коронавирус илдети аныкталды

Саламаттык сактоо министрлигинин 9-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан бир адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2969 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 13 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 12. Бир учур Жалал-Абад облусунда аныкталды. Калган аймактарда коронавирус жуктургандар жок. Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 миң 671ден ашты.
9-мартка карата 21 адам оорудан айыгып кетип кетти.
Кыргызстанда COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганы 12-январда расмий айтылган. 19-январда катталгандар 870ке жеткен. Андан бери көрсөткүч төмөндөөдө.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:07
Кечээ
Атайын тема
Жарыялар
15:17, -ж., 26-май
live comments feed...
Комментарийлер