• Башкы бет
  • Активист Мирлан Ураимов үй камагына чыгарылды
13:43, 2022-ж., 9-март

Активист Мирлан Ураимов үй камагына чыгарылды

Активист Мирлан Ураимов үй камагына чыгарылды

Активист Мирлан Ураимовду үй камагына чыгаруу боюнча анын жактоочуларынын өтүнүчүн бүгүн 9-мартта Бишкек шаардык соту канааттандырды.

9-мартта Бишкек шаардык коллегиалдык соту Мирлан Ураимовдун бөгөт чарасын карады.

Жактоочулардын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган, бирок бул мыйзамга туура келбейт деп жатат.

“8-февралда тергөөчү Ураимовду кармап, 378-берене менен айып койгон. Бул берене “массалык башаламандык” деп айтылат, бирок тергөөчү Ураимовдун кылган иши, жүрүм-турумунда мындай чакырыктар бар экенин түшүндүрө алган жок. Камоо мыйзамсыз, анын социалдык тармактагы аккаунту бузулганын (взлом), пост жана комментарийлерди башка телефон аркылуу бөтөн киши жазганын далилдедик. Бирок аны тергөө эске алгысы келбей турат”, - деди жактоочулары.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал ушул беренеде каралган кылмыштын белгилери бар материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча алынган далилдердин негизинде айыпталууда.

Биринчи май райондук соту Ураимовду 10-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камаган.

18-февралда Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында активист Мирлан Ураимовду колдогон акция өткөн.

Мирлан Ураимов “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү. Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтып келет.

Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акцияларын уюштургандардын бири.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...