• Башкы бет
  • Украинадагы кырдаалга байланыштуу 2 млн киши качкынга айланды,-ЖМК
13:32, 2022-ж., 9-март

Украинадагы кырдаалга байланыштуу 2 млн киши качкынга айланды,-ЖМК

Украинадагы кырдаалга байланыштуу 2 млн киши качкынга айланды,-ЖМК

Украинанын аймагында орус жана украин күчтөрүнүн ортосундагы салгылаш уланууда. Ал ортодо McDonalds, Coca-Cola, Starbucks, Universal Music жана башка дүйнөлүк компаниялар Орусияда ишин токтотуп, өлкөдөн чыгып жатканын билдиришти, деп жазат "Би Би БИ СИнин" кыргыз кызматы.

Андагы маалыматка ылайык, АКШнын президенти Жо Байден Орусиядан мунайды, газды жана көмүрдү импорттоого толугу менен тыюу салды. Британия 2022-жылдын аягына чейин орус мунайын импорттоону токтоторун жар салды.

Орусиянын Борбордук банкы эсептен $10 миңден ашыкча чыгарбоого чек койду, андан ашканын рубль менен берилет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Украинада гуманитардык катастрофа жаралганын билдирди. БУУнун маалыматы боюнча, Украинадан 2 млн киши чыгып кетти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...