14:08
-ж., 29-февраль
Кыргызстандын курама командасы Бишкекте өтүп жаткан Хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын IV дивизионунда Малайзияны 22:1 эсебинде жеңди. Оюн кечээ 5-мартта шаардык муз тебүүчү аянтчада өткөн.
Өлкөнүн курмасы чемпионаттагы биринчи бетешин 3-мартта өткөрүп, Иран командасын 13:1 эсебинде жеңген.
Кыргызстан турнирдик таблицада биринчи орунда келе жатат. Курама команда эки оюндун жыйынтыгында 6 упай топтоду.
Алдыда Улуттук курама команда 7-мартта Сингапур, 8-мартта Кувейт менен күч сынашат.
Кыргызстанда хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионат биринчи жолу өтүүдө. Ал 8-мартка чейин созулуп, Иран, Кыргызстан, Кувейт, Малайзия жана Сингапурдун командалары беттешет. Эң көп упай топтогон команда үчүнчү дивизионго көтөрүлөт.
Комментарийлер