• Башкы бет
  • Акыркы суткага карата 10 адамдан коронавирус илдети аныкталды
11:49, 2022-ж., 7-март

Акыркы суткага карата 10 адамдан коронавирус илдети аныкталды

Акыркы суткага карата 10 адамдан коронавирус илдети аныкталды

Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү, 7-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан бир адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2966 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 10 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 9 киши. Бир учур Чүйдө катталды. Калган аймактарда вирус жуктаргандар жок. Ушуну менен Кыргызстанда илдет жугузуп алгандардын расмий саны 200 миң 641ге жетти.

Азыркы тапта ооруканада 153 адам жатат, 260 адам үй шартында дарыланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...