• Башкы бет
  • ТикТок орусиялык колдонуучуларды жаңы контент киргизүү мүмкүнчүлүгүн чектеди
11:46, -ж., 7-март

ТикТок орусиялык колдонуучуларды жаңы контент киргизүү мүмкүнчүлүгүн чектеди

ТикТок  орусиялык колдонуучуларды жаңы контент киргизүү мүмкүнчүлүгүн чектеди

TikTok тиркемеси Орусиялык колдонуучуларынын жаңы контент жүктөө жана түз эфирге чыгуу мүмкүнчүлүгүн убактылуу чектеди. Бул тууралуу тиркеме расмий Twitter баракчасына жазды.

Мындан ары Орусиялык колдонуучулар TikTokто бир гана кат алмаша алат.

«Биздин кызматкерлердин жана колдонуучулардын коопсуздугу компаниянын башкы приоритетибиз бойдон калууда. Россиянын жаңы «фейк жаңылыктар» мыйзамы кабыл алынган соң, анын кесепеттерин изилдеп көрүп, түз эфирге чыгууну жана видео кызматыбыз үчүн жаңы контент жүктөөлөрдү убактылуу токтотууну чечтик» — деп жазылат TikTokтун билдирүүсүндө.

4-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин орус армиясы тууралуу фейк маалымат тараткандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган мыйзамга кол койгон. Ошол эле күнү Орусияда Твиттер менен Фейсбукка бөгөт коюлган. Кийин «Азаттыктын» орус кызматы ишин токтоткон.

Роскомнадзор Украинадагы окуяларды согуш деп атоого тыюу салып, “атайын аскердик операция” деп жарыялаган. Бул эрежени бузган басылмалар жабылып жатат. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...