• Башкы бет
  • Ак калпак күнүнө карата Ош шаарында "Ак калпак" инсталляциясы ачылды
14:32, 2022-ж., 4-март

Ак калпак күнүнө карата Ош шаарында "Ак калпак" инсталляциясы ачылды

Ак калпак күнүнө карата Ош шаарында "Ак калпак" инсталляциясы ачылды

Бүгүн, 4-март күнү Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында 5-март – Ак калпак күнүнө карата “Ак калпак” инсталляциясынын ачылышы болду. Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, калаадагы жаштар, активисттер жана тургундар катышты.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, улуттук маданияттын символдорун камтыган этномаданий объектилердин ачылышынын маанилүүлүгү белгиленди.

Бийиктиги 4 метр болгон инсталляция үч бурчтуу түз призма болуп, анын бардык тарабында Ош шаарынын бренди коюлуп, үстүнө улуттук баш кийим – Ак калпак орнотулган.

Андан соң Ак калпак күнүнө карата иш-чаралардын алкагында шаардын борбордук көчөлөрүндө массалык жөө жүрүш өттү.

Белгилей кетсек, жыл сайын 5-мартта улуттук баш кийим – ак калпактын урматына майрам өткөрүлөт. Бул күн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы токтому менен улуттук баш кийимдин маанилүүлүгүн сактоо, улуттук каада-салттарды сактоо жана кыргыз элинин маданияты менен сыймыктануу сезимин өнүктүрүү максатында бекитилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...