• Башкы бет
  • NEXT TV телеканалынын директору кармалды
14:29, 2022-ж., 4-март

NEXT TV телеканалынын директору кармалды

NEXT TV телеканалынын директору кармалды

NEXT TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөнбиев кармалды. Ошондой эле телеканалдын сигналы жалпы республикалык көрсөтүүдөн ажыратылды. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков Facebook баракчасына жазды.

Кечээ кечинде Next TV телеканалына «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш иши козголгонун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  билдирген.

Атайын кызмат телеканал «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме берип, социалдык түйүндөрдө тараткан деп айыптоодо. Экспертиза бул маалыматта кастык козутуучу белгилеп бар деп тапкан.

«Бул аракет Кыргызстандын калкын жана башка мамлекеттерге так эмес маалыматтарды таратып, эл аралык улуттар аралык кастыкты козутууга жана улуттук белгилерге жаман көрүү сезимин калыптандырат. Аталган иш Жазык кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен каралууда», -деп билдирген УКМК.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...