13:37, 2022-ж., 3-март
Соңку суткада 20 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда 3-мартка карата коронавирус жуктуруп алган 20 киши аныкталды. Ооругандардын эң көбү Бишкекте — 9 киши.
Мындан тышкары Чүйдө жети, Жалал-Абадда эки, Ош шаарында жана Баткен облусунда бирден учур катталды. Ушуну менен коронавирус жугузуп алгандардын расмий саны 200 миң 576га жетти, оорудан 2960 адам көз жумду.
Ушул тушта ооруканаларда 169 адам жатат, 403 адам үй шартында дарыланууда.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, ал эми толук эмделгендердин саны 1 миллиондон ашты.
Бустердик (үчүнчү) доза 124 миңден ашык адамга сайылды.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
Кечээ
14:32
Кечээ
13:23
-ж., 24-март
13:20
-ж., 24-март
13:18
-ж., 24-март
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер