• Башкы бет
  • Роман Абрамович "Челси" клубу сатыла тургандыгын жар салды
13:35, 2022-ж., 3-март

Роман Абрамович "Челси" клубу сатыла тургандыгын жар салды

Роман Абрамович "Челси" клубу сатыла тургандыгын жар салды

Орусиялык олигарх Роман Абрамович англиялык "Челси" футбол клубун сата турганын жарыялады. Ишкер клубду сатуудан түшкөн акча Украинадагы согушта жабыркагандарга жардам берүү үчүн түзүлө турган кайрымдуулук фондуна жумшаларын билдирди, деп жазат "Азаттык"

"Мен ар дайым клубдун кызыкчылыгына карап, чечим кабыл алчумун. Ошондуктан мындай кырдаалда мен клубду сатууну чечтим. Анткени бул команданын кызыкчылыгында деп эсептейм", - деп айтылат Абрамовичтин билдирүүсүндө.

Британиядагы маалымат каражаттары жазгандай, Абрамович эл аралык санкциялардан кооптонгону үчүн бул кадамга барышы мүмкүн. Буга чейин орусиялык олигарх клубду башкарууну “Челсинин” кайрымдуулук фондунун камкорчулар кеңешине өткөрүп берген.

Абрамович "Челсини" 2003-жылы 140 миллион фунтка сатып алган. Андан бери бул клуб 21 жолу ар кыл титулдарды утуп алды.

Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу Британия Москвага бир катар санкцияларды жарыялаган. Азырынча расмий Лондон Абрамовичтин жеке өзүнө карата эч кандай чечим кабыл ала элек.

Bloomberg басылмасы Абрамович санкциялардан улам Лондондогу кыймылсыз-мүлкүн да сатышы мүмкүндүгүн жазды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...