• Башкы бет
  • Ош шаарында спорттун чебери жаш балдарга мастер класс өттү
11:49, 2022-ж., 2-март

Ош шаарында спорттун чебери жаш балдарга мастер класс өттү

Ош шаарында спорттун чебери жаш балдарга мастер класс өттү

Ош шаарында бокс боюнча өспүрүмдөр арасында КРнын үч жолку чемпиону, №10 Ленин атындагы мектептин окуучусу 15 жаштагы Мухаммедали Кадыралиевге дем берүү максатында атайын иш-чара уюштурулду.

Эске сала кетсек, бул спортчу январь айынын аягында өткөн бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы республикалык чемпионатта чемпион гана болбостон, "Мыкты мушкер" наамын да алган. Буга байланыштуу шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери мектеп окуучуларын дене тарбия сабагына кызыктыруу жана спортко тартуу максатында жаш мушкерди спорттогу жогорку жетишкендиктери үчүн баалуу белектер жана ыраазычылык кат менен сыйлашты.

Иш-чаранын алкагында аталган мектептин 1-класстан 10-класска чейинки окуучуларына спорттун мотивациялык сабагы өткөрүлдү. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети жаш спортчуларга көмөк көрсөтө турганын белгилешти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...