• Башкы бет
  • Киевде телемунарага ракеталык сокку урулганы маалым болду
11:47, -ж., 2-март

Киевде телемунарага ракеталык сокку урулганы маалым болду

Киевде телемунарага ракеталык сокку урулганы маалым болду

Киевде телемунаранын аймагында жарылуу болду. Орусия аба күчтөрү телеберүү сигналдарын жөнөтүүчү аппаратка сокку урду. УНИАН агенттиги билдиргендей, жарылуу учурунда ал жерде кишилер болгон.

Шаар бийлигинин маалыматына караганда, чабуулдан кеминде беш киши өлдү.

Агенттиктин кабарчылары телемунаранын өзү зыянга учурабаганын айтышты. Соккудан кийин телеканалдар иштебей калды. Бийлик резервдик каналдарды жолго коюуну пландоодо.

Телемунара аймагында Бабий Яр өрөөнү бар. Ал жерде немис армиясы Украинаны оккупациялоо учурунда жай тургундарды, негизинен еврей, цыган тектүүлөрдү жана советтик аскер туткундарын жапырт түрдө кырган.

Киевдин 385 метрлик бийиктикке ээ телемунарасы 90-110 радиуска чейин телесигнал таратат. Мында теле жана радио берүүлөрдөн сырткары башка байланыш каражаттары, анын ичинде полиция кызматынын жана энергетикалык кызматтардын байланыштары да тейленчү.

Шейшембиде Орусиянын Коргоо министрлиги Киевде Орусияга каршы маалыматтык чабуул жасалып жатат делген бир катар аскердик объектилерге сокку урууну мерчемдегенин эскерткен. Министрлик сигнал таратуучу түйүндөрдүн жанында жашагандарды үйлөрүнөн чыгып кетүүгө чакырган.

1-мартта Беларустун чек арасында турган 65 чакырымдык узундукка жайылган орус аскердик техникаларынын колоннасы Украинанын Киев шаарына багыт алган. Вашингтон украин борборуна экинчи жолу сокку урууга даярдык көрүлүп жатканын эскерткен.

Колоннанын курамында чопкутталган техника, танк, артиллерия жана жүк ташуучу автоунаалар бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...