• Башкы бет
  • Акыркы суткада 29 адам коронавирус жуктуруп алганы маалым болду
11:45, 2022-ж., 2-март

Акыркы суткада 29 адам коронавирус жуктуруп алганы маалым болду

Акыркы суткада 29 адам коронавирус жуктуруп алганы маалым болду

Акыркы суткада COVID-19дун жаңы 29 учуру катталды. Ошол эле учурда 94 бейтап айыгып чыгып, экөө көз жумду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлардын 19у Бишкек, алтоо Чүй, экөө Ош облусунан, экөө Ысык-Көлдөн табылган.

Пандемия башталгандан бери жалпы коронавирус жуктургандардын саны 200 556га жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 195 368. Каза болгондор 2960. 

Ушул тапта стационарда 161 жана амбулатордук түрдө 491 адам дарыланып жатат.   

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...