11:42, 2022-ж., 2-март
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү эң төмөнкү көрсөткүчкө жетти

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүн, 2-мартка карата 8 млрд 130.25 метр кубду түзүүдө. Бул соңку жылдардын ушул мөөнөтүндөгү эң төмөнкү көрсөткүч.
«Электр станциялары» ишканасынын маалыматы боюнча, учурда сактагычка суунун орточо агып келиши секундасына 143 метр куб, агып чыгышы 436 метр куб метр болууда.
2021-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан акыркы жылдардагы эң ири энергетикалык каатчылыкка кептелген.
Ноябрдын соңунда энергетика министри Доскул Бекмурзаев электр кубатын пайдалануу өсө турганы эске алганда 2022-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд куб метрге чейин азая турганын айткан. Андан дагы төмөндөсө ГЭС иштебей калышы ыктымал.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:07
Кечээ
Атайын тема
Жарыялар
15:17, -ж., 26-май
live comments feed...
Комментарийлер