Ош шаарында Эл аралык эне тили күнү белгиленди

Кечээ, 28-февраль Эл аралык эне тил күнүнүн алкагында ОшМУда фольклордук-маданий этнофестиваль болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош шаарындагы филиалынын төрагасы Балтагул Нурумбетов, ар улуттун өкүлдөрү, шаардагы ЖОЖдордун профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар бий программасы жана интеллектуалдык номерлерин тартуулашып, жергиликтүү жана чет элдик студенттер элдик чыгармачылыкты даңазалашты. Жыйынтыгында активдүү катышуучуларга Ош шаарынын мэриясынын атынан дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.
1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы тарабынан жарыяланган Эл аралык эне тил күнү 2000-жылдан бери тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүү максатында жыл сайын белгиленип келет.
Комментарийлер