• Башкы бет
  • Бир күндө коронавирустан 113 бейтап айыкты
13:37, -ж., 1-март

Бир күндө коронавирустан 113 бейтап айыкты

Бир күндө коронавирустан 113 бейтап айыкты

Кыргызстанда 1 — мартка карата COVID-19 илдетинин 27 жаңы учуру катталды. Коронавирустан бир күндө 113 бейтап сакайып, бир жаран каза болду. 

Инфекцияын жаңы аныкталган учурлары: Бишкекте — 16, Чүйдө — 6, Нарында — 1, Жалал-Абадда — 4. Баткен, Ош, Талас, Ысык — Көл облустарында коронавирус жуктургандар аныкталган жок.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери дээрлик эки жыл өттү. Бул аралыкта жалпы 200 миң 527 киши COVID-19 инфекциясын жуктуруп алды. Анын ичинен 195 миң 274 бейтап ооруну жеңди. Тилекке каршы 2 миң 958 жаран коронавирустан каза болду. 

Учурда стационарда — 173, үйдөн — 547 бейтап дарыланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Кыргызстандагы коронавирустун абалы жөнүндө билдирүүлөр. Биз расмий билдирүүлөрдү жарыялайбыз. Сураныч, коопсуздук чараларын сактап, беткап кийип жүрүңүз.

Комментарийлер

live comments feed...