
13:33, 2022-ж., 1-март
Украина Европа Биримдигине мүчө болуу үчүн арыз жазды

Украина Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө болууга арыз жазды. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Владимир Зеленский Телеграмм каналы аркылуу 28-февралда билдирди, деп жазат "Т-Медиа".
Зеленский билдирүү менен кошо, арызга кол коюп жаткан сүрөтүн жарыялаган. Арыз Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйендин наамына жолдонду.
Буга чейин, Владимир Зеленский Европа Биримдигине видео кайрылуу жасап, Украинаны кошуп алуусун өтүнгөн. Ал украин армиясы өз жери үчүн эле эмес, жалпы Европа үчүн согушуп жатканын айтып, «уюмга кошулууга татыктуу» экенин белгилеген.
Орусия-Украина куралдуу кагылуушусу
24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери Украинага басып кирген. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык жайкын тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, андан кийинки жагдай азырынча белгисиз.
Мунун алдында Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын армиясынын жоготуулары 5300 жоокерди түзөрүн маалымдаган. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо санала турганын ырастаган. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын 1000ге жакын аскердик объектисин талкалаганын гана маалымдады.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер