
13:27, 2022-ж., 1-март
Украинадан эвакуацияланган кыргыз жарандары чек арага жакындап калды

Украинадан Венгрияга эвакуацияланган кыргызстандык 114 жаран чек арага жакындап калды. Бул тууралуу аларды коштоп бара жаткан Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин кызматкери Эрмек Сарыбаев "Азаттыкка" билдирген.
"Киевден чыкканыбызга 19 саат болду. Венгриянын чек арасына 40 чакырым жол калды. Бардык коопсуз маселеси камсыз болгон. Айдоочубуз, дипломаттар күч түзүмдөрү менен түз байланышып, коопсуз жолдор менен алып бара жатабыз. Эвакуация болгондорду Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин эки кызматкери коштоп бара жатат. Чек арада Венгриядагы элчиликтин кызматкерлери күтүп жатат", - деди Сарыбаев.
28-февралда Украинанын борбору Киевден 114 кыргызстандык, арасында 34 бала Венгрияга чыгып кеткенин элчи Идрис Кадыркулов "Азаттык" радиосуна билдирген. Автобустарды элчилик уюштурган.
Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл ала турган жай ачылган.
Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуация болору айтылган.
Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Беш күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катуу чабуул Киевге жасалды.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
8
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер